<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><key>C</key>
<title>Кудай үнүнө кулак сал, кызматка Ал чакырат РЫЖ168</title>
<lyrics>[V1]
.C                 F      C            G
 Кудай үнүнө кулак сал, кызматка Ал чакырат,
.C                F     C       G       C
 Эгиндер бышты талаада, шашылгыла баарыңар.
. C           G    F       G        C   G
 Чакырыкты кабыл алып, ким кызматка ашыгат?
.  C                         F
 «Теңирим, мен барамын» деп, ким
.           G7    C
 тайманбай айта алат?

[V2]
 Ыйса жөнүндө укпаган, күнөө торго чалынган,
 Биздин да айланабызда жашайт канча адамдар.
 Ишенбестиктин айынан өлүп жатат көп жандар,
 Куткарууга аларды ашыгалы, бир туугандар.

[V3]
 Мейли, сенде пайгамбарлык
 жөндөмдүүлүк болбосун,
 Өзгөчө күч, даанышмандык, мейли,
 сенде жок болсун.
 Эмнең болсо, ошону менен кызмат кыл
 Теңирге,
 Ишенимдүү болгун дайым, Теңир сени колдосун.

[V4]
 Чоң иштерге Ал чакырат, калбагының
 сен четте,
 Даңктайлы жашообуз менен, бир туугандар,
 келгиле.
 Чын жүрөктөн кызмат кылгын Теңир
 чакырган жерде.
 «Мени жибер» деп айтышсын башкалар да
 Теңирге.</lyrics>
<hymn_number>264</hymn_number>
</song>